2021-жылдын 1-апрелине карата референдумдун катышуучуларынын саны 3 млн 606 миң 201 адам. Анын ичинде 1 млн 725 миң 849у – эркек, 1 млн 880 миң 352си – аялдар.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катыша турган шайлоочулардын саны — 3 млн 318 миң 130 адамды түзөт, анын ичинде 47,85 пайызы эркектер, 52,15 пайызы аялдар.
Референдумдун катышуучуларынын тизмеси 2483 шайлоо участогунда илинди.
9-апрелге чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катыша турган шайлоочулардын тизмеси 2273 шайлоо участогунда илинет.
Жарандар шайлоо участогун номурун жана дарегин тактоого болот:
— «Тизме» мамлекеттик порталында — https://tizme.gov.kg/;
-1255 номуруна чалып (чалуу акысыз);
-паспортуңузда көрсөтүлгөн ПИН-номуруңуз менен 119 номуруна чалып же СМС жөнөтүү менен шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз.
Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ошол эле күнү жаңы Башмыйзамдын долбоору референдумга коюлат.