Биз менен байланышыңыз

Фарид Ниязов 10-июнга чейин камакта калды

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1369 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 5-апрелде президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, камактагы мөөнөтүн дагы 2 айга узартуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Ошентип, Фарид Ниязов СИЗО-1де 10-июнга чейин кармала турган болду.

Ниязовдун тарапташтары ден соолугуна байланыштуу бүгүн сот аны бошотуп калышы мүмкүн экендигин айтып жатышкан болчу.

Буга чейин Фарид Ниязовго III даражадагы гипертония диагнозун коюшкан. Дарыгерлер аталган оорунун алдын албаса, инфаркт жана инсультка алып келиши мүмкүн экенин айтып келишет.

Белгилеп кетсек, өткөн жылдын 5-9-октябрь күндөрү Бишкектин борбордук аянтында болгон окуяларга катышы барларды аныктоо үчүн «массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши ачылган. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынган.

2020-жылдын 5-октябрындагы окуядан кийин бир катар саясий туткундар камактан чыккан. Анын ичинде азыркы президент Садыр Жапаров, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурунку өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, саясатчы Равшан Жээнбеков жана Фарид Ниязов да камактан бошотулган. 9-октябрда алар «Ала-Тоо» аянтындагы жүрүшкө катышып, башаламандыктар жана ок атуу менен аяктаган. Фарид Ниязов ошондой эле 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM