Биз менен байланышыңыз

Марипов Аруузатка жардам катары 1 айлык маянасын которот

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1905 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов «Facebook» баракчасы аркылуу кайрылуусунда өмүрүн сактап калуу үчүн 2,3 млн АКШ доллары талап кылынган Аруузатка жардам колун сунгандарга терең ыраазычылык билдирди.

«Биздин алтындай элибиз бар. Кыйынчылык түшкөндө көпчүлүк бириге калып, жардам колун сунган жарандарга терең ыраазычылык билдирем. Бир чети бул — Кудайдын сыноосу. Экинчиден, жардамга муктаж адамдарга жардам көрсөтүү — үлгү. Аруузаттын өмүрү узун болсун. Бир топ ыктыярчылар, көңүл кош карабаган, мээримин жана жардамын аябаган жарандарыбыз кызмат кылып, салымын кошуп жатат. Дагы да көмөк көрсөтүүгө чакырам», — деди Марипов.

Ал Аруузатка жардам катары 1 айлык маянасын жакынкы күндөрү которорун кабарлады. Мындан сырткары өкмөт башчынын резервдик фондунан да каражат бөлүнөрүн белгиледи.

Марипов Аруузаттын үй-бүлөсүнө сабырдуулук жана чыдамкайлык калаады.

Кичинекей Аруузатты сактап калуу үчүн 2,3 млн доллар керек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM