Биз менен байланышыңыз

Кичинекей Аруузатты сактап калуу үчүн 2,3 млн доллар керек

Коом , Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 1762 | 0

Генетикалык анализ кичинекей Аруузаттын диагнозун тастыктады. Ага тез арада дарылануусу зарыл. Өмүрүн сактап калуу үчүн 2,3 млн АКШ доллары керек. Албетте, анын ата-энесинде мындай каражат жок. Ошондуктан алар элге жардам сурап кайрылышкан.

«Аруузат алты саны аман болуп эле төрөлгөн. Бирок 5 айынан баштап, буттары алсырай баштаган. Ден соолугу күндөн-күнгө начарлай берди. Азыр ал бир жаш сегиз ай болуп калды. Ошого карабастан, дагы деле отура элек, булчуңдары бош болгону үчүн колдорун өйдө көтөрө албайт. Көмкөрөсүнөн жаткырса, оодарылганга, башын көтөргөнгө алы жетпейт. 14-ноябрда ДНК-тесттин анализдери чыгып, дарыгерлер кызыбызга СМА (спинальная мышечная атрофия) деген диагноз коюшту. Бир жылдан ашык Кыргызстандын дарыгерлерине барып жүрдүк. Бирок абалы күндөн-күнгө күчөй берди. Биз жөн гана доктурларды алмаштырып, улам башка укалоочуга (массажист) кайрылып жаттык. Акыры элдик медицинаны да көрдүк. Бирок эч кандай майнап чыккан жок. Кийин орусиялык бир дарыгерди сунуштап калышты. Ал бизди дароо генетикалык анализ тапшырууга жөнөттү. Кызыбыздын өмүрү үчүн акырына чейин күрөшөбүз деген чечим кабыл алдык. Бир жыл мурун жаңы препарат ойлоп табылыптыр. Ал кемтиги бар ДНКдагы гендин ордуна туруп, бала сакайып кетет экен. Өмүрүндө бир эле жолу жасалып, кан тамырга ийне менен сайылат. Анын баасы 2,3 млн доллар экен. Бул — биздин түшүбүзгө кирбеген сумма. Ошондуктан силердин жардамыңарга муктажбыз. Бул дарысыз Аруузат жашай албайт. Жок дегенде бир кадамга болсо да, кызыбызды бутуна тургузабыз деген кыялыбызды ишке ашырууга көмөктөшүүңөрдү өтүнөбүз. Жардам сурап кайрылабыз. Ушу күнгө чейин бизди колдоп келгендерге чоң ыраазычылык айткыбыз келет», — дейт кыздын апасы.

Аруузатка жардам бергиси келгендер төмөнкү эсептерге акча которо алышат:

MBank 0707 72 44 16

О! Деньги — 0707 72 44 16

Элсом — 0707 72 44 16

Optima Bank — 4169585346275489 Ташматова Жылдыз

Demir bank — 4215 8901 1686 3694

Эсептин тышкы номери: 1180000121948004

Эсептин ээси: Бакай Ташматович Ташматов

KICB «Элкарт» 9417018596205724

Kaspi Bank:

Физикалык жактар үчүн картанын номери: 5169 4931 0759 7018 же +77022860058 телефон номери аркылуу Танкиева Алтынай Манасовнанын атына

+7 926 723-23-49 Эрлан Токтогуловдун атына

Сбербанк: 4817 7602 5975 0325 ERLAN TOKTOGULOV

PayPal Suita-jan@mail.ru

Түркия үчүн эсеп: 4824 6503 6219 9430 AIGERIM ARALBAEVA

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM