Биз менен байланышыңыз

Мамбет Мамакеев «Манас» ордени менен сыйланды

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1505 | 0

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, Улуттук илимдер академиясынын академиги Мамбет Мамакеев II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Мамлекеттик сыйлыкты 2-апрелде президент Садыр Жапаров тапшырды.

Мамлекеттик сыйлыктар жалпы 125 адамга берилди. Алардын арасында саламаттыкты сактоонун, эл агартуунун, илим-билимдин, айыл чарбасынын, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү бар.

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Иш тажрыйбасында 30 миңдей операция жасаган.

Медицина илимдеринин доктору Мамакеев дүйнөдө эң узак иштеген хирург катары Гиннестин рекорддор китебине катталган.

Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. СССР убагында Жогорку Советтин депутаты, эгемендик жылдарында Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган 2020-жылдын 31-августунда — Эгемендик күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Бирок пандемия жана андан кийинки саясий себептерден улам сыйлыкты ээлерине салтанаттуу тапшыруу мөөнөтү кечигип келген.

Copyright © 2017 Maral FM