Биз менен байланышыңыз

«Токтогул» суу сактагычындагы суу 8 млрд 694 млн куб метрге азайды

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1182 | 0

Бүгүн, 2-апрелде «Токтогул» суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 694 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 178 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 433 куб метрге жетүүдө.

Кечээ өткөн Өкмөттүн жыйынында Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев «Токтогул» суу сактагычы боюнча маалымат берди. Анын айтымында, 2021-жылдын 1-январына карата суунун көлөмү 12,25 млрд куб метрди түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7 млрд куб метрге азайган (14,95 млрд м3).

Болжол менен «Токтогул» суу сактагычына куйган суунун көлөмү орточо жылдык деңгээлге жетип, 96% түзүшү керек болсо, натыйжада, ал болгону 90%ды түздү. Учурда суунун көлөмү 8,7 млрд метр кубду түзөт, бул 2020-жылга салыштырмалуу 2,9 млрд метр кубга аз.

Турдубаев маалымдагандай, бөлүштүрүүчү электр компаниялары жана ири өнөр жай ишканалары берилген чектен 332,8 млн кВ саатка же  2,7%га ашкан.

Copyright © 2017 Maral FM