Биз менен байланышыңыз

ЮНЕСКОнун Башкы директору сентябрда Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1243 | 0

Президент Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле менен видеоконференция форматында сүйлөштү. Бул тууралуу  Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Анда билим берүү, маданият жана илим жаатындагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты чыңдоо чаралары жөнүндө пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу жана биологиялык көп түрдүүлүктү коргоо боюнча Кыргызстандын эл аралык демилгелерине токтолуп, өлкөнүн ак илбирсти сактап калуу боюнча аракеттерин, ошондой эле ЮНЕСКОго Ысык-Көлдүн тескейин геопарктардын дүйнөлүк тармагына киргизүү тууралуу сунуштама даярдалып жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы Одрэ Азулени сентябрда өткөрүлүүсү мерчемделип жаткан жогорку билим берүү жаатындагы эл аралык конференцияга чакырып, ошондой эле ага өлкөдөгү мөңгүлөрдүн абалын өз көзү менен көрүп, таанышуу үчүн Кыргызстанда жайгашкан бийиктиги 5 миң метрден ашкан ЮНЕСКОнун атынан коюлган «ЮНЕСКО» чокусуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды.

ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле Кыргызстан билим берүү жаатында жигердүү кызматташып жаткандыгы үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Одрэ Азуле Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлине канааттангандыгын билдирип, 2021-жылы келип, Кыргызстандагы ЮНЕСКО чокусуна чыгууга чакырууну кабыл алды.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровду ЮНЕСКОнун Париждеги кеңсесине келип, толук кандуу жолугушууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргызстан ЮНЕСКОнун аткаруу кеңешинин мүчөсү катары уюмдун ишмердүүлүгүн илгерилетүүгө бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экендигин тастыктап, алдыдагы ЮНЕСКОнун Башкы директорун шайлоодо Одрэ Азулеге ийгиликтерди каалады.

Copyright © 2017 Maral FM