Биз менен байланышыңыз

«Өтүкчү» жана «Кайтпас» бекеттери ачылды. Кимдер өтө алат?

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 2000 | 0

1-апрелден тарта Кыргызсандын түштүгүндөгү «Өтүкчү» жана «Кайтпас» бекеттери ачылды. Бул тууралуу 26-марттагы маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кабарлаган.

Эки өлкөнүн чек араларды тактоо боюнча өкмөттүк делегация 24-26-март күндөрү Ташкентте «Кайтпас» (Кыргызстан) жана «Риштан» (Өзбекстан), «Өтүкчү» (Кыргызстан) жана «Тул» (Өзбекстан) өткөрүү бекеттерин ачууга макулдашкан.

Бул бекеттерден жарандар, жеңил унаалар жана 20га жакын адам ташыган автобустар өтө алат. Жүк ташуучу унааларга уруксат берилбейт.

30-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы Бирлик айылынын эли менен жолугушуп, Өзбекстанда өткөн мамлекеттик чек ара маселеси боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Сох анклавында талаштуу маселе жок. Ал жактан жөө жүргөн адамдарга, жеңил унааларга жана кичи автобустарга гана өткөнгө уруксат берилди.

«Өзбек тарап сүйлөшүүлөрдүн негизинде Сох тарапка «Кайтпас» өтүүчү постторун ачып, ал жерден жөө адамдарга, жеңил унаага, 20 жүргүнчү бата турган кичи автобустарга уруксат берди. Жүк ташуучу унаа өтпөйт. Ал жерде «сууну берип койду, жолду берип койду, коридор берип койду» деген чагымга эч кандай негиз жок. Болгону баары жөнөкөлөйлөтүлдү. «Коридор» деген сөздү сиздерге көп айтышты. Азыркы бийликти атайын жаман көрсөтүү үчүн маалымат жөнөткөндөргө ишенбегиле. Мен кантип эле делегациянын башында туруп бирөөгө жер берип калайын», — деди Ташиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM