Биз менен байланышыңыз

Кулакка тартылган кыргызстандыктар тууралуу жыйнактын бет ачары өтөт

Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 1260 | 0

Бүгүн, 31-мартта Бишкекте «Кулакка тартуу» саясаты жана адам» жыйнагынын жана сайттын бет ачары өтөт.

«Полис Азия» аналитикалык борбору жана «Эсимде» талкуу аянтчасы «Кулакка тартуу» саясаты жана адам» аттуу долбоордун презентациясын өткөрөт. Иш-чарада Украинанын аймагына сүргүнгө айдалган адамдардын тагдырын камтыган жыйнактын жана «кулакка тартуу» саясаты тууралуу сайттын презентациясы болот.

Бул долбоор ХХ кылымдын 30-жылдарында кулакка тартылып, Кыргызстандын аймагынан Украинага сүргүнгө айдалган адамдардын тагдырын изилдөөгө багытталган. Долбоордун алкагында Украин ССРине депортацияланып, «эл душмандары» деп жарыяланган үй бүлө тагдырларын камтыган биографиялык жыйнак даярдалды.

Жыйнакта — сүргүн окуялары жана бөтөн жерде болуп өткөн кайгылуу жылдар жөнүндө күбөлөрдүн эскерүүлөрү, сүрөттөрү, сүргүнгө айдалгандардын тизмелери жана архивдик булактардан алынган материалдар камтылды.

Презентация сүрөт көргөзмө менен коштолот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM