Биз менен байланышыңыз

Искакова: Коронавируска каршы эмделгендердин абалы жакшы

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Мар 2021 | 992 | 0

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө алгандардын абалы жакшы. Бул тууралуу №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, алгач Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, анын орун басарлары, дарыгерлер жана медайымдар эмделди. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болду, эч кандай терс реакция байкалган жок.

Белгилей кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган.

Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Бул үчүн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда атайын пункттар ачылды.

Copyright © 2017 Maral FM