Connect with us

Султаналиев: «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга 4 млрд $ керек

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2021 | 899 | 0

«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга кеминде 4 млрд доллардай каражат, 10-15 жыл убакыт керектелет. Андыктан долбоорду Кыргызстан жалгыз ишке ашыра албайт. Мындай пикирин энергетика тармагы боюнча адис Мырзатай Султаналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Камбар-Ата-1» ГЭСинин кубаттуулугу 1.8 млн мегаВатт болушу керек. Аны куруу үчүн ири каражат талап кылынат. Маселен, эл аралык тажрыйбага таянып, ар бир килоВаттка 2 миң доллардан эсептегенде, жок дегенде 4 млрд долларлык курулуш иштери бар.

Аталган ГЭСти курууда Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда келишим түзүүгө эле 3 жылдай убакыт кетет. Анткени долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси болушу шарт жана каржы булактарын табуу керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM