Биз менен байланышыңыз

Индияда коронавирустан дарыланып жаткан ооруканадан өрт чыгып 11 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 884 | 0

Индиянын Мумбай шаарында коронавирус илдети менен ооругандар дарыланып жаткан госпиталда өрт чыгып, 11 адам каза болуп, 70дей адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

«Өрт өчүрүү кызматы адамдарды сактап калуу үчүн чоң жумуш жасады. Бирок оор абалда дем алдыруучу аппаратта жаткандарды сактап калууга мүмкүн болгон жок. Мен ал адамдардын жакындарынан кечирим сурайм», — деген министр Уддхав Теккерей.

Оорукана 5 кабаттуу соода борбордун үчүнчү кабатында жайгашкан. Министрдин айтымында, бул жай былтыр ачылган. Себеби Мумбай шаарында коронавирус менен ооругандар үчүн орундар жетишсиз болгондуктан аталган жай ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM