Биз менен байланышыңыз

«Өкмөттүн азыктарды арзандатуу саясаты туура эмес жүрүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2021 | 868 | 0

Өкмөттүн кумшекер менен өсүмдүк майынын баасын төмөндөтүү максатындагы аракеттери туура эмес. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ата мекендик өндүрүшкө көңүл буруп, өндүрүшчүлөргө тиешелүү шарттарды түзмөйүнчө, азык-түлүк коопсуздугу көйгөйүнөн арылбайт. Өкмөттүн кумшекер менен өсүмдүк майынын баасын төмөндөтүү багытында аталган азыктарды сатып алуу үчүн бюджеттен каражат бөлүшү туура эмес.

Аткаруу бийлиги салтка айланган эң оңой жол менен кетип баратат. Мындай аракеттер менен азык-түлүктүн баасын түшүрө албайт.

Бааларды төмөндөтүү үчүн азык-түлүктөрдү өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатуу зарыл. Учурда системалуу саясат жүрбөй жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM