Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия мамлекеттеринде коронавирустун соңку көрсөткүчү

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 673 | 0

Бүгүн, 26-мартка карата Кыргызстан боюнча COVID-19дун 100 учуру катталды. Ошол эле учурда бир сутка ичинде жалпысынан 62 бейтап айыгып чыкты.

Мындан сырткары сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны  87 миң 858ке жетип, алардын ичинен 84 миң 469 адам айыкты. Мунун ичинен 1494 адам көз жумду.

Акыркы сутканын ичинде Казакстандын аймагында 1100 адамдын анализинин жыйынтыгы менен коронавирус тастыкталды. Өлкөнүн ыкчам штабынын маалыматы боюнча, алардын ичинен 330 бейтап — Алматы шаарында, 185 адам — Нур-Султан шаарында.

Муну менен пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 237 300 адамга коронавирус жуккан.

Өзбекстанда акыркы суткада дагы 144 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 81 960 адамдан коронавирус тастыкталган.

Коронавирус жуктурган жарандардын ичинен 80 248 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Соңку суткада 105 киши айыккан.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 1088 адам коронавирустан дарыланып жатат. Алардын ичинен 191 адам оор, 85 бейтап өтө оор абалда.

Copyright © 2017 Maral FM