Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия мамлекеттеринде коронавирус канча катталды?

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 824 | 0

Кыргызстанда 18-мартка карата жалпы 98 адам коронавируска чалдыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учурлар катталган жок.

Ал эми бир сутка ичинде коронавирустан 51 бейтап сакайды. Бүгүнкү күнү стационарларда 347, амбулатордук түрдө 337 бейтап дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 143 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 31 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 485 адам каза болду.

Өзбекстанда акыркы суткада дагы 113 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 80 971 адамдан коронавирус тастыкталган.

Коронавирус жуктурган жарандардын ичинен 79 533 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Соңку суткада 83 киши айыккан.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 816 адам коронавирустан дарыланып жатат. Алардын ичинен 141 адам оор, 23 бейтап өтө оор абалда.

Акыркы сутканын ичинде Казакстанда 1186 адамдан коронавирус аныкталды.

Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 227 953 адамдан коронавирус аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM