Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиядагы коронавирус көрсөткүчү

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 542 | 0

22-апрелге карата Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 380 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 93 миң 6га жетти.

COVID-19 вирусунан акыркы бир суткада 5 адам каза болду. Пандемия башталгандан бери бул илдеттен көз жумгандар 1566 адам. Бир сутка ичинде 164 жаран сакайып, оорудан айыккандар жалпы 87 554го жетти.

Соңку суткада Казакстанда 2893 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде өлкөнүн ыкчам штабы маалымдады. Муну менен пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 297 миң 839 адамга коронавирус жукту.

Казакстанда дагы 2373 адам COVID-19 илдетинен сакайып, ооруканадан чыгарылды. Казакстанда жалпы 254 миң 971 адам коронавирус менен пневмониядан дарыланды.

 Өзбекстанда акыркы суткада дагы 384 адам коронавирус менен катталды. Пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы87 935адамдан коронавирус тастыкталган.

Коронавирус жуктурган жарандардын ичинен85 007 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Сутка ичинде 290 бейтап айыккан. Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 2288 адам коронавирустан дарыланып жатат. Алардын ичинен 238 бейтап оор, 113 бейтап өтө оор абалда.

Copyright © 2017 Maral FM