Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиядагы коронавирус боюнча көрсөткүч

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 517 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада 55 адам коронавируска чалдыгып, Чүй облусунан бир бейтап каза тапты.

Ошол эле учурда 56 адам COVID-19дан сакайып чыкты. Стационарларда 333 бейтап, үй шартында 307 бейтап дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери жалпы 87 миң 45 адам коронавируска чалдыгып, анын ичинен 83 миң 980 бейтап ооруну жеңип, 1 485 адам илдеттен көз жумган.

Акыркы сутканын ичинде Казакстанда 1082 адамдын анализинин жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды. Бул маалыматты өлкөнүн ыкчам штабы таратты. Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 226 миң 767 адамдан коронавирус аныкталган.

Казакстанда дагы 703 адам COVID-19 илдетинен сакайып, ооруканадан чыгарылды. Муну менен аталган өлкөдө жалпы 208 миң 74 адам коронавирус менен пневмониядан дарыланды.

Өзбекстанда акыркы суткада дагы 115 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери жалпы 80 миң 858 адамдан коронавирус тастыкталган.

Коронавирус жуктурган жарандардын ичинен 79 миң 450 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Соңку суткада 79 бейтап айыккан.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 786 адам коронавирустан дарыланып жатат. Алардын ичинен 141 адам оор, 23 бейтап өтө оор абалда.

Copyright © 2017 Maral FM