Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коронавирус жугузуп алгандар көбөйүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 590 | 0

Бүгүн, 23-мартка карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Ал эми жалпы өлүм учурлары 1490го жетти.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусунун 75 жаңы учуру катталды. Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын жалпы саны 87 миң 537ге жетти.

Бир сутка ичинде 51 бейтап айыгып, оорудан сакайгандардын саны 84 миң 274 адамды түздү.

Акыркы сутканын ичинде Казакстанда 1101 адамдан коронавирус аныкталды. Бул маалыматты өлкөнүн ыкчам штабы таратты. Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 234 миң 7 адамдан коронавирус аныкталган.

Ошондой эле Казакстанда 337 адам COVID-19 илдетинен сакайып, ооруканадан чыгарылды. Муну менен жалпы 212 миң 91 адам коронавирус жана пневмониядан дарыланды.

Ал эми кошуна өлкө Өзбекстанда акыркы суткада дагы 113 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 81 миң 559 адамдан коронавирус тастыкталган.

Коронавирус жуктурган жарандардын ичинен 79 миң 949 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Соңку суткада 65 киши айыккан.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 988 адам коронавирустан дарыланып жатат. Алардын ичинен 141 адам оор, 23 бейтап өтө оор абалда.

Copyright © 2017 Maral FM