Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиядагы коронавирус көрсөткүчү

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 456 | 0

11-мартка карата Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 52 адамдан табылып, 52 бейтап айыкты. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда 291 бейтап, амбулатордук түрдө 264 бейтап дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 692 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 718и айыгып чыкса, 1 миң 476 бейтап көз жумган.

Өзбекстанда акыркы суткада дагы 79 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 80347 адамдан коронавирус тастыкталган.

Коронавирус жуктурган жарандардын ичинен 79 051 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Соңку суткада 57 киши айыккан.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 674 адам коронавирустан дарыланып жатат. Алардын ичинен 148 адам оор, 27 бейтап өтө оор абалда.

Акыркы сутка ичинде Казакстандын аймагында 752 адамдан коронавирус тастыкталды.

Муну менен пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 220 770 адамга коронавирус жукту.

Copyright © 2017 Maral FM