Биз менен байланышыңыз

Эрнест Абдыжапаровдун «Ак салкыны» чоң экранга чыкты (видео)

Белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров «Ак салкын» деп аталган көркөм тасма тартты. Ал 25-марттан тарта бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

«Ак салкын» көркөм тасмасын тартуу демилгеси Кыргызстанда пандемия күч алып турганда элдин көңүлүн көтөрүп, кандайдыр бир дем берүү максатында башталган. Ал мындан 15 жыл мурун тартылган «Боз салкын» тасмасындагы маанайды берет. Тасманын режиссеру Эрнет Абдыжапаров бул фильминде башкы ролдорду учурдун белгилүү ырчылары Тамга жана Бегишке берген.

«Ырчылар башкы ролдорго конкурстан өтүп, тандалышты. Мен Тамганын ырдаганынан ички өзөгүн көрүп, «Мага ушундай кыз керек болчу», — дегем. Кастингден ал өзүн жакшы көрсөтүп, тандалды. Ошондуктан калгандарын Тамгага жараша туураладык десек болот.  

Жаңы муундун талантуу ырчыларынын бири Тамга «Ак салкын» тасмасына тартылып, өзүнүн талантын кино тармагынан сынап көрдү. Ал Эрнест Абдыжапаровдун режиссёрлугу астында тасмага тартылганына сыймыктанып турат. Тамга актрисалыкка кызыгуусу көбөйгөнүн, бирок ырчылыкты дайыма биринчиликке коёрун айтты.

«Мен өзүмдү толугу менен актрисамын деп эсептебейм. Мен ырчымын деп чечкиндүү айта алам. Кино тармагында эмгек сиңирип, көп жыл иштеген эже-агайлардын түйшүгүн баалайм, сыймыктанам. Киного тартылып калганым – мага берилген мүмкүнчүлүк болуп калды».

Ырчы Тамга: Атымды таенем койгон

«Ак салкын» тасмасын тартууга дээрлик жарым жыл кеткен. Башында 3 млн сомго бүтүрүү пландалганы менен 4 млн сомго тартылды. Режиссер бул акча акталарына үмүттөнүп турат. Тасма Ысык-Көлдүн Тоң районунда тартылган, анда жашаган эл да салымын кошкон.

Тасма жаштарды өз жерин сүйүүгө, мекенине кызмат кылууга үндөйт.

Башкы каармандардын бири Эрмек Казыбеков «Учур» театрында 5 жылдан бери иштейт. Ал буга чейин бир топ фильмдерде тартылып жүргөн. «Ак салкында» кимдин ролун ойногонун айтып берди.

«Мен өзүм «Учур» театрында бир топ жылдан бери иштейм. Акырындан тепкичтерди басып, бүгүн «Боз салкын» тасмасынын дагы бир варианты «Ак салкынга» тартылып отурам. Тасмада Тоң районунун Коргонду-Булак деген айылындагы үч достун биримин, мен айылдын мыкты тескөөчү милициясынын образын ойнодум. Бул образды ойноодо бираз нюанстар болгону менен, буга чейин театрда милициянын ролун аткаргандыктан, образга кирүү жеңилирээк болду. Өзүмдүн айылымда тартылды. Эрнест Абдыжапаров менен иштешүү башка актёрлордой эле менин да  кыялым эле, буюрса ал да аткарылды».

Мындан 15 жыл мурун тартылган «Боз салкын» тасмасы эсиңизде болсо керек. Анда актер Камчы Сарыбаевдин жубайы, жүк басып калган келиндин ролун аткарган Гүлжамал Мамытбекова Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында иштейт. Анын «Боз салкындагы» ролу кино тармагындагы дебюту болгон.

«Эрнест байке: «Киномдун (Боз салкын) фишкасы силер болгонсуңар», — деп калган да. Бул «Ак салкында» да ошол эле сүйүү, ала качуу жана башка сезимдер берилет. Бирок «элдин эсине сиңип калган, эл таанып калган силер болдуңар» деп биздин образды да камтып койду. Камчы Сарыбаев экөөбүз биринчи тасмада жаш үй-бүлө болсок, мунусунда очор-бачар болгон, келиндүү болуп, небере күткөн үй-бүлөнүн образын бердик».

Тасманын ачылышы 24-мартта болду. Аны Бишкектеги бардык кинотеатрлардан көрүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM