Биз менен байланышыңыз

Быйыл 2 айда тышкы карызды тейлөөгө 3 млрд сом жумшалды

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 782 | 0

2021-жылдын январь-февраль айлары үчүн мамлекеттик карызды төлөөгө (тышкы + ички) республикалык бюджеттен 5 млрд 457 млн 800 миң сом которулду. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Которулган акчанын 3 млрд 49 млн 400 миң сому тышкы карызды тейлөөгө, 2 млрд 408 млн 400 миң сому ички карызга жумшалды.

2021-жылдын 31-январына карата мамлекеттик карыздын жалпы суммасы 4 млрд 954 млн 110 миң долларды түздү. Мунун ичинен 4 млрд 221 млн 610 миң доллары (357 млрд 992 млн 440 миң сом) тышкы карыз, 732 млн 500 миң доллары (62 млрд 116 млн 230 миң сом) ички карыз болуп эсептелет.

Жапаров Атамбаев алган карыздардын кесепетин эскертти

Copyright © 2017 Maral FM