Connect with us

Жапаров Атамбаев алган карыздардын кесепетин эскертти

Кыска кабар , Экономика | 16 Мар 2021 | 2245 | 0

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна маек куруп, Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкынан» алган карызын убагында төлөй албаса, бир топ улуттук объектилер берилип кетерин дагы эскертти. 

Президент Жапаровдун айтымында, эгер насыя келишимде каралган убагында төлөнбөсө, Бишкек Жылуулук электр борбору, «Түштүк-Түндүк» альтернативдик жолу, «Датка-Кемин» электр чубалгысынын башкаруусу насыя алынган мамлекетке өтүп кетет. Мындай келишим мурунку бийликтин тушунда түзүлгөн.

— Мисалы, мамлекет менен мамлекеттин ортосунда келишим түзүлөт. «Төлөй албай калсаң же бир күн кечиктирсең, анда мобул долбоорду мен алам» деп келишим түзүшөт. Мисалы, ЖЭБ, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу, «Датка-Кемин». Ушуларга алганбыз да ушунун баарын (ред: карыздын). Эгер убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка өтүп кетет деп кол коюлуп калган. Бул объектилер жетпесе, башкасын деле алганга укуктары бар. Эми бул жерде мурдагы бийлик ушундай деп кол коюп койгон экен. Келишимди кичине башкачараак түзсө болмок, жумшагыраак кылып. Бирок биз карызды убак-убагы менен төлөп берип жатабыз. Мына 2020-жылы 31-декабрга чейин 30 млн доллар төлөшүбүз керек болчу, аны төлөп бердик. Каржы булактарын таап, ары жак-бери жактан кылып жатып төлөп бердик. Эми быйыл деле жыл аягына чейин жеңил төлөп кетүү үчүн ишенимдүү булактарыбыз бар.

Президент Садыр Жапаров быйыл февраль айында жергиликтүү басылмалардын бирине маек куруп жатып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, тышкы карыз төлөнбөй калса, бир топ объектилерден айрылып калуу коркунучу бар экенин эскерткен.

Кыргызстандын жалпы карызы 4 млрд 928 млн 670 миң долларды түзөт. Мунун ичинен 4 млрд 220 млн 310 миң доллар — тышкы карыз, 708 млн 360 миң доллар — ички карыз. Эң көп карыз Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган.

Экономист Элдар Абакиров мамлекет карыз аларда улуттук объектилерди күрөөгө койбошу керек деген пикирде.

— Ал келишимдерди окуп чыкпагандан кийин бирдеме деп айтуу кыйын. Негизи мындай келишимдерде улуттук коопсуздукка шек келтирилбеши керек. Жер өтүп кетет, же бир объекти өтүп кетет деген болбошу керек. Менин билгеним боюнча, Кытайдан карыз алуу үчүн келишим түзүүдө катаал шарттар коюлары айтылып жүрөт. Башка мамлекеттер менен бул маанидеги келишимдерде мындай коркунуч жок.

Абакировдун айтымында, мамлекеттик карыз жылына 300 млн доллардын тегерегинде төлөнөт. Кыргызстандын бюджети 2 млрд доллардын тегерегинде. Бюджеттин корголгон беренелерине зыян келтирбей, ички ресурс менен карызды төлөөгө болот.

Дүйнөнү каптаган пандемия Кыргызстандын солгун экономикасын дагы төмөндөтүп, тышкы карызды тейлөө кыйын болууда. Быйылкы жылдын февраль айында эле өлкөнүн экономикасы дээрлик 9 пайызга төмөндөдү.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экономикасы өтө төмөндөгөн өлкөлөр Кыргызстан менен Армения болду.

Анын үстүнө бийлик алмашкандан кийин негизги күч экономиканы жакшыртууга эмес, Конституцияга көбүрөөк бурулуп жатат.

Экономист Жеңишбек Байгуттиев өкмөт чечкиндүү иш алып барса, тышкы карыздан кутулууга өлкөнүн чамасы жетет деп эсептейт.

— Чынында Алмазбек Атамбаевдин убагында тышкы карыз көбүрөөк алынды. Атамбаев өзү ал акчага ири улуттук объектилер куруларын айткан. Бирок «Ал объектилердин сапаты кандай? Ошончо акча коротуу зарыл беле? Ушундай шарт менен алуу туура беле?» деген суроолор бар. Муну ошол эле Орусия менен сүйлөшсөк, жеңилирээк шарт менен алганга болмок. Орусия катуу шарт койгон күндө деле, карыздарды кечип коюп жатпайбы. Ошол үчүн карыздар терең ойлонулбай, шашылыш алынып калган. Бирок азыркы бийлик карыздарды төлөөдө жигердүү иштеши керек болуп жатат. Азыркыдай кете берсе, жыйынтык чыгарына көзүм жетпей турат.

Быйыл январь айында Финансы министрлиги Кыргызстан тышкы карызынын эң жогорку көлөмүн 2025-2029-жылдары төлөй турганын билдирген. Бул мезгилде төлөмдөрдүн өлчөмү жылына 400 млн доллардан ашуун суммага жетет.

2020-жылы тышкы карызды төлөөгө 225 млн доллардын тегерегинде каражат бөлүнгөн.

Министрликтеги жумушчу топ насыяларды төлөөнүн мөөнөттөрүн узартуу боюнча эл аралык институттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланган.

Мамлекеттин азыркы чамасы болсо, Кытайдын карызынан кутулууга эмес, айлык акы менен пенсияны төлөөгө жетүүдө.

Жарандык активист Семетей Талас уулу тышкы карыздан кутулуу үчүн өлкөгө инвестиция алып келе турган жаштарды кызматка коюуну сунуштайт.

— Биринчиден, мен президент Садыр Жапаров журналисттер менен жолугушуу өткөргөндө сунуш бергем. Азыр «Кумтөрдөн» 20 тоннага чукул алтын өндүрүлөт. Андан сырткары орто жана чакан кендерде 40 тоннага жакын алтын өндүрүлөт. Буга чейин лицензия берүүдө келишим деген бар болчу. Кийин аны инвестордун пайдасына деп алып салышкан. Азыр келишимге өндүрүлгөн алтындын 20 пайызын товар түрүндө берсин деп кайра киргизүү керек, же болбосо 60-70 пайыз салык төккүдөй шарт коюу керек. Ошондо мамлекетке алтындан түшкөн салыктан эле кошумча 600-700 млн доллар акча түшүрөбүз.

Экинчи жагынан, өзүбүздүн мыкты жигиттерибиз бар, анын бири — Нурмухаммед Миңбаев. Ал 7 жыл ичинде «Ас-салам» фонду аркылуу Кыргызстанга 500 млн доллардай инвестиция тартты. Фонд өлкөдө суу чыгаруу боюнча биринчи орунда турат. Бишкектин жаңы конуштарында 11 мектеп, 6 оорукана, 36 ФАП ачып берди.

Бул кишинин арап мамлекеттеринин лидерлери менен мамилеси жакшы. Аны Кувейт же Сауд Аравияга элчи кылып дайындаганда, Кыргызстанга жок дегенде 2 млрд доллар инвестиция алып келмек.

Мындан сырткары, Аскаралы Нышанов деген жигит бар. Ал Европада кыргыз компанияларын түптөп, жумуш орундарын түзүп берип жатат. Мисалы, фура айдаган компаниясында миңге чукул киши иштейт, айлыгы 2-2,5 миң еврого чейин. Бул жигитти Чехияга элчи кылып койгондо, ал өлкөдөгү маянасы жакшы ишканаларга кыргыз жумушчуларын алып кеткенге, ал мамлекеттен Кыргызстанга инвестиция тартканга жакшы шарт түзүп бере алмак.

Экономика жана финансы министрлиги быйылкы жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан 5 миллиард 457,8 миллион сом карызынан кутулганын кабарлады.

Анын 3 миллиарддан ашыгы тышкы карыз, 2 миллиард сомдон ашыгы ички карызды жабууга жумшалды.

Copyright © 2017 Maral FM