Биз менен байланышыңыз

Байден бардык америкалыктар жай мезгилине чейин эмделе тургандыгын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 724 | 0

АКШ президенти Жо Байден майдын аягында өлкөдө бардык жарандарга жете турган вакцина болорун жарыялады. Бул тууралуу ал Огайо штатына жасаган иш сапарында айтты.

«Май айынын аягында бизде 600 миллионго жакын доза вакцина болот, ал ар бир америкалыкка жетет», — деди ал.

Байден ошондой эле АКШнын учурдагы кошумча бюджетинде эмдөөлөргө каражат каралгандыгын белгиледи.

Жо Байден өткөн аптада АКШда 100 миллионго жакын адам коронавируска каршы эмделгенин жарыялаган.

Коронавируска каршы эмделген дүйнөлүк лидерлер (фото)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM