Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бабановго карата кылмыш иштери токтотулуп, 100 млн сом төктү

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 752 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Өмүрбек Бабановго жана ага тиешеси бар коммерциялык түзүмдөргө карата мурда козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, Бабановдун жана анын жакындарынын иш-аракеттеринде мамлекеттин, юридикалык жактардын жана жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирген фактылар табылган эмес. Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш токтотулду.

Ошондой эле Бабанов мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен 100 миллион сом өлчөмүндө каражат которгону кабарланды.

Бабанов саясатчылар үчүн керектүү болгон китепти атады

Быйыл январда УКМК Өмүрбек Бабановду суракка чакырган. Анда Бабанов сотко чейинки бир катар териштирүүлөрдүн алкагында фигурант катары өтүп жатканы айтылган.

Өмүрбек Бабанов 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын сентябрына чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган. Ал 2020-жылы парламенттик шайлоодон мурун «Республика» партиясынын лидерлигинен кеткенин, саясаттан да оолак болорун жарыя кылган.

Copyright © 2017 Maral FM