Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 115 адамдан коронавирус табылды

Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 400 | 0

Кыргызстанда 24-мартка карата COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки адам каза болду. Пандемия башталгандан бери 1492 көз жумду.

Акыркы бир сутка ичинде 115 адамдан коронавирус табылды. Анын эң көбү Бишкекте аныкталды. Пандемия башталгандан бери 87 миң 652 адамга вирус жукту.

24-мартка карата 65 адам коронавирустан айыгып, былтыртан бери бул вирустан сакайгандардын жалпы саны 84 миң 339га жетти.

Акыркы суткада Чүй облусунда 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган, айыккандар катталган жок.

Жалпысынан 4222 медик коронавирус менен катталып, анын 4195и сакайды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM