Биз менен байланышыңыз

Европа Кыргызстандын Конституциясына кабатыр болууда

Кыска кабар , Саясат | 23 Мар 2021 | 927 | 0

Демократиялык баалуулуктарды колдогон Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы Башмыйзамдын жаңы долбоорундагы кемчиликтер боюнча Кыргызстандын юристтери, саясатчылары жана жарандык коомдун өкүлдөрү айтып келген жүйөлөрдү бекемдеди.

Корутундуда бардык бийлик бутактарын президенттик институттун алдына чогултуп, бийликти бир адамдын колуна берүү сыяктуу чоң коркунуч бар экени эскертилди. Мындан тышкары бийлик бутактарындагы тең салмактын жоктугу, өзгөчө парламент, өкмөттүн өз алдынчалыгын жоготуп коюу тобокелчилиги орун алары белгиленди. Ошондой эле адам укугу менен эркиндигине карата коркунуч жаралып жатат деген кабатырлануу айтылды.

Кыргызстандын Көз карандысыз юристтер тобунун мүчөсү Таттыбүбү Эргешбаева «Маралга» маек куруп жатып, Башмыйзамды бир топ тобокелчиликтер менен кабыл алууга аракет кылып жаткан бийликтин аракетин элдин ишениминен манипуляция жасоо катары баалады.

— Венеция комиссиясы — эл аралык келишим. Кыргызстан ал келишимди ратификациялаган. Ага демократиялык, укуктук мамлекеттердин баары кол койгон. Биз азыр Конституциялык нормаларды түзүп жатабыз, алар бизге мыйзамдык стандарттарды сунуштайт. Кыргызстан аны эске албаса, өлкөдөгү көптөгөн эл аралык келишимдер денонсация болот. Анын натыйжасында сырттан инвестор же каржылык колдоолор келбей калат.

Биз бир фактыны унутпашыбыз керек. Кыргыз Республикасы 30 жылдык эгемендик тарыхында көп болсо, бюджетин эки жолу дефицити жок кабыл алган. Бирок социалдык каржылоолорду эл аралык уюмдардан алып жатабыз. Ошондуктан көз карандысыз мамлекет болуп, бюджетибизди, коопсуздугубузду бекемдөө үчүн демократиялык баалуулуктарды орнотууга умтулушубуз керек. Бул — биз үчүн куткаруучу бир инструмент. Ошондо гана социалдык-экономикалык булагыбызды саздан алып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыргызстан — суверендүү мамлекет. Эч бир эл аралык уюм биз үчүн чечим кабыл ала албайт. Ошол эле учурда биз бир нерсени унутпашыбыз керек. Дүйнөнүн 31 пайыздан көбүрөөк мамлекетинде жакырчылык өкүм сүрүүдө. Андан сырткары дүйнөдө жана бизде пандемия турат, эл Конституцияны ойлогудай абалда эмес. Көптөгөн бизнестер токтоп калды. Бүгүн эл бийликке ишенип, Конституциянын жаңы долбоорунда эмне өзгөртүү болуп жатканын карабай эле, «кой мен добушумду берем, колдойм» деп жатат. Ал эми жогорку бийлик мыйзамдык эрежелерди бузуп, ыйгарым укуктарды бир кишинин колуна, президентке берип коюп жатат, биз бул жагынан Түркмөнстандан да өтүп кеттик. Бийлик Башмыйзамдагы ошончолук тобокелчиликтерди билип, көрүп туруп, социалдык-экономикалык кыйын абалда чечим кабыл алууга аракет кылганы — манипуляция.

Конституциянын долбоору: Депутаттардын пикирлери

Юристтер жана жарандык коом Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу процесси олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып келишти. Аны референдумга чыгаруудагы мыйзамдык эрежелер сакталбаганы жана парламенттин иши легитимсиз экени ар кандай жолдор менен эскертилди. Ошентсе да чуу жараткан Конституциянын жаңы долбоору 11-апрелде референдумга коюла турган болду.

Парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Венеция комиссиясы өтө тажрыйбалуу жана обьективдүү орган экенин айтат.

Ал Кыргызстан 2010-жылы да алардын сунушун укпай коюп, ката кетиргенин белгилейт.

-Кыргызстандын Башмыйзамындагы тобокелчиликтер тууралуу корутундусун Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы эле эмес, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму да жарыялады. Бул эмнени билдирет? Бул – Европанын биздин мамлекеттин ичиндеги болуп жаткан демократияга, бийликтин келечегине, бийликтеги баланстын сакталышына кабатырлануусу мурдагыга караганда күндөн-күнгө күчөп баратканына далил болуп эсептелет. Буга кошумча Европа комиссиясы өзүнчө да билдирүү таратты. Биз Конституцияны кабыл алып жатканда тажрыйбалуу институттардын сунуштамаларын сөзсүз эске алышыбыз керек, бул биздин өлкөгө керек экенин түшүнүшүбүз зарыл.

Венеция комиссиясынын корутундусун өлкөнүн ички маселелерине кийлигишүү катары да кабыл алгандар да жок эмес. Бирок сунушталып жаткан Башмыйзамга баа берүүнү Кыргызстандын атынан Акыйкатчы институту расмий өтүнгөн.

Конституциялык кеңештин мүчөсү Эсенгул Исаков эл аралык институттун корутундусуна мындай пикир айтты:

— Биз эгемен мамлекет экенибизди унуштпашыбыз керек. Кыргызстан — өнүккөн, ири мамлекеттер менен катарлаш келе жаткан укуктуу өлкө. Өзүбүздүн Конституциябыз бар, ички иштерди ошого таянып чечебиз. Албетте, Кыргызстан БУУнун мүчөсү болгондон кийин эл аралык келишимдерге, конвенцияларга катышып келебиз. Ал жерде көбүнчө адам укуктарына басым жасалат. Ал эми Венециялык кеңеш биз тараптан арыз жазып, кайрылгандан кийин корутунду чыгарып, бийлик бир адамдын колуна топтолуп калган экен деген оюн айтып жатат.

Венеция комиссиясы бизде өткөн референдумдун жыйынтыгында эл президенттик башкарууну тандап алганынан кабары жок окшойт. Негизги бийлик элде, эл президентке ишенип жатат. Биз – Конституциялык кеңешме элдин тандоосунан кийин Конституциянын жаңы редакцияларын жазып бүтүрдүк. Буга чейин кайсы бийлик келбесин, башаламандык болуп, парламенттик башкаруудан натыйжа чыкпаганын көрдүк го. Азыр ошого жол берилбеши үчүн президент: «Жоопкерчиликти мойнума алам», — деп жатпайбы. А эмнеге Венециялык кеңеш муну айтпайт?

Мыйзам боюнча шайлоочулардын 30 пайызы катышканда, референдум өттү деп эсептелет. 10-январдагы референдумда катышуучулардын 80 пайызы президенттик башкарууну тандаган.

Ал эми президент Садыр Жапаров өткөн жумада «Азаттык» радиосуна маек куруп, Башмыйзам боюнча жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болорун билдирген.

— Жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Алар: ар тармактан чогулган 98 киши. Президенттин жарлыгы менен түзүлүп, ошолор чечти. Алар даярдап, Жогорку Кеңешке алып келип берди. Жогорку Кеңеш өзгөртүүсүз эле референдум мыйзамы менен алып чыгышты. Биринчи жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Анан Жогорку Кеңеште. Анан, албетте, элдин өзүндө. Эгер эл каалабаса, бул Конституцияны кабыл албай койсо да болот, каршы добуш берсе да болот. Бирок мен ойлойм, элдин баары каршы бербейт.

Юристтер: Конституция бир ууч топтун кызыкчылыгын көздөйт

Юристтер Башмыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары эбегейсиз көбөйгөнү менен жоопкерчиликке тартуу процесси татаалдашканын буга чейин айтышкан.

Жаңы сунушталып жаткан Конституциянын 89-беренесинде президент жеке жоопкерчиликти алат деп жазылган.

Саясат таануучу Эмил Жороевдин айтымында, Башмыйзамдын жаңы редакциясында президенттин жоопкерчилиги так берене менен белгиленген эмес.

— Айтылып келгендей, президент жөн гана өз ынсабы, ишеними менен жоопкерчилик алышы мүмкүн. Бирок мыйзам алкагында эч кандай жоопкерчилик жазылган эмес. Конституциянын жаңы редакциясында президент туура эмес иш кылганда же кылмышка барганда жоопкерчиликке тартууга мүмкүн болгон эки жол көрсөтүлгөн. Биринчиси, шайлоо. Беш жылдан кийин шайланбай калышы мүмкүн. Андан сырткары, импичмент. Бирок президентти импичментке тартуу процесси тарыхта болуп көрбөгөндөй татаалдаштырылган. «Бардык жоопкерчилик президенттин мойнунда болот» деген сөздүн маанисин чечмелесек: «ким күнөөлүү болсо, ошолорду жумуштан алат» дегенди эле түшүндүрүп калат.

Юристтер жаңы сунушталган Башмыйзам элдин, парламенттин, саясатчылардын да кызыкчылыгын көздөбөй турганын, керек болсо президенттин өзүнө да каршы иштээрин эскертип келишет.

Copyright © 2017 Maral FM