Connect with us

Юристтер: Конституция бир ууч топтун кызыкчылыгын көздөйт

Кыска кабар , Саясат | 15 Фев 2021 | 1238 | 0
Юристтер жаңы сунушталган Башмыйзам элдин, парламенттин, саясатчылардын да кызыкчылыгын көздөбөй турганын, керек болсо президенттин өзүнө да каршы иштээрин эскертишти. 

Кыргызстандын юристтер бирикмеси Конституцияга анализ кылып чыгышты. Анда айтылгандай, 2020-жылдын 17-ноябрында сунушталган долбоордо ички карама-каршылыктары бар 61 өзгөртүү көрсөтүлгөн. Бирок быйыл 9-февралдагы версиясында 80 өзгөртүү киргизилген.

Олуттуу кемчиликтер жана карама-каршылыктар аныкталып, айрым суроолорго жооптор көрсөтүлгөн эмес. Орусча варианты менен кыргыз тилиндеги вариантында дал келбестиктер бар.

Мындан тышкары кээ бир ыйгарым укуктар көбөйтүлүп кеткенин Кыргызстандын Көз карандысыз юристтер тобунун мүчөсү Таттыбүбү Эргешбаева айтып берди.

— Биз 30 барактан турган Конституциялык анализибизди жарыялайбыз. Анда 2020-жылдын 17-ноябрында сунушталган долбоор менен 2021-жылдын 9-февралында сунушталган долбоордун салыштырмасы да бар. Мисалы, 17-ноябрда сунушталган долбоордо мыйзамдуулук жана адам укуктарына байланыштуу фундаменталдуу жагдайлар толук тебеленип калган. Ал эми 9-февралда чыгарылган долбоордо бул кемчиликтер каралыптыр. Бирок калган нормалар тескерисинче көбөйтүлүп кеткен. Ошол эле Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктары көбөйтүлүптүр, Конституциялык кеңешменин жыйынында Башкы прокурор да отурган. Ал Конституциялык кеңешменин жыйынында отуруп алып эле ыйгарым укугун көбөйтүп жатса, кийин билбейм, кандай болот. Ошол үчүн биз: «Полициялык мамлекет болбошу керек», — деп айтып жатабыз.

Ал эми соттун ыйгарым укуктары жакшы эле белгилениптир, бирок ал ким аркылуу тандалат, чыгарылган чечимдерине ким аркылуу жооп берет, мунун баары түшүнүксүз. Андан тышкары, бийлик бутактарынын ортосунда тең салмак жок.

Биз Орусия жана Беларусиядагыдай полициялык мамлекетке айланып жатабыз. Бул Башмыйзам кабыл алынган күндөн алты ай өткөндөн кийин билинет. Азыр бийлик мыйзамдын шарттарын сактабай, түзөтүүлөрдү кабыл алууга шашып жатат.

Юристтердин анализине таянсак, Конституциянын долбоорун комлекстүү караганда, адам укуктары боюнча бөлүмдөр жакшы жазылганы менен бийлик бутактарындагы баланс сакталган эмес. Мындайда мамлекет адам укуктарын коргоп бере албайт.

Азыркы долбоор боюнча президент:

— Референдум дайындай алат;

— Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке тапшыра алат;

— Өкмөттүн түзүмүн жана курамын толук аныктайт;

-Констититуциялык соттун, Жогорку Соттун төрагаларын дайындайт;

-Башкы прокурорду тандайт;

-Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымын тандай алат;

-Улуттук банктын, Эсеп палатасынын төрагасын дайындайт;

-Көптөгөн сот жана укук коргоо органдары президентке баш иет.

Ал эми парламенттин укуктары минимумга түшүрүлгөн:

— Депутаттардын саны 90го кыскартылат;

— Алар кайсы шайлоо тутуму менен келери да так көрсөтүлгөн эмес;

— Көзөмөлдөө функциясы жок, бир гана мыйзам чыгаруу укугуна ээ;

-Күн тартибин көзөмөлдөй албайт, себеби мыйзам чыгаруу демилгеси депутаттардан тышкары, президентке, министрлер кабинетинин төрагасына, Жогорку Сотко, Элдик курултайга жана Башкы прокуратурага берилип жатат. Мыйзамдарды сунуштоодо артыкчылыктуу багыт парламентке берилген эмес.

Сот системасы:

Конституциялык сотко мурдагы президенттердин убагында берилген ыйгарым укуктар кайтарылды. Акаевдин, Бакиевдин убагында Конституциялык соттун жардамы менен Башмыйзам жеке кызыкчылыкка негизделип жазылган.

Сот адилеттиги боюнча кеңештин курамынын жарымын судьялар, калганын президент, Элдик курултай жана укуктук коомчулуктун өкүлдөрү көрсөтөт. Ал эми жарандык активисттер жокко эсе. Мындайда сот системасы көз карандысыз боло албайт.

Ошондуктан Конституциянын жаңы долбоору да коомчулукка сунушталбай, таңууланып жатканын юристтер айтып эле келишти.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиеванын айтымында, азыркы бийликтин пикири жарандарга таңууланды.

— Быйыл 10-январда референдумга добуш берүүдө коюлган суроолор түп-тамырынан туура эмес болчу. Ал шайлоочуларды адаштыруу максатында коюлган. Ар бир шайлоочу өз оюн билдире алган жок. Азыркы бийликтин пикири жарандарга таңууланды. Ошондуктан мындай референдумдун жыйынтыктары шек жаратат. Конституция — коомдук келишим. Анын негизги максаты — бийликтеги тең салмакты сактоо. Конституциялык кеңешме өз ишмердиги менен коомду эки топко бөлдү. Эгер бийлик бутагындагы баланс сакталбаса, адамдын эркиндиги жана укугу да корголбойт.

Конституциялык укук боюнча юрист Айдин Бакытбек уулу Башмыйзамда бийлик бутактарында тең салмакты сактоо үчүн 8 негизги өзгөртүүнү киргизүү керек экенин айтты:

— Президентти мыйзам демилгелөө жана референдум дайындоо укугунан ажыратуу керек;

— Президентти парламентти таратуу укугунан ажыратуу керек;

— Парламенттин президентке импичмент жарыялоо процессин жөнөкөйлөштүрүү керек;

— Бюджеттин киреше-чыгаша маселелери парламенттин толук көзөмөлүнө өтүшү керек;

— Күч түзүмдөрү – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигинин үстүнөн парламенттик көзөмөл күчөшү керек;

Бизге азыркыдай кризис учурда экинчи легендарлуу парламент зарыл болуп турат. Андай парламентти түптөө үчүн шайлоо тутуму, саны, эркиндиги так жазылышы керек болчу. Саны 120дан кем болбой, керек болсо, дагы көбөйтүлүшү керек. Шайлоо системасы — мажоритардык эмес, пропорционалдык система аркылуу, нөл пайыз менен шайланышы керек. Бул эмне үчүн маанилүү? Себеби саясий күрөш көчөдө эмес, парламенттин ичинде болушу керек.

Парламенттин үстүнөн да көзөмөл болушу керек. Себеби Жогорку Кеңештин VI чакырылышы октябрда мөөнөтү бүтсө да, бардык сынга карабай, конституциялык реформа баштап салышты. Ушул ката да азыркы Башмыйзамга жазылышы керек эле. Эгер парламенттин жаңы чакырылышы шайланбай калса, эски чакырылышы ишин уланта берет, бирок ошол убакытта президент да, парламент да Конституцияга өзгөртүү киргизе албайт.

Укук коргоочу, активист Динара Ошурахунованын пикиринде, жаңы Башмыйзамда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына эч кандай бийлик берилген эмес. Курултайга шайлана турган мүчөлөр кантип тандалары да белгисиз.

Ошурахунова бул Конституция президент Садыр Жапаровдун да кызыкчылыгын көздөбөй турганын айтууда.

— Курултайга шайлана тургандар кантип тандалары да белгисиз болуп жатпайбы. Эгер Курултай президент менен элдин ортосундагы байланыш болсо, анда келгиле, курултай өткөрбөй, санариптештирүү ишин күчөтөлү. Эл түздөн-түз президентке же мамлекеттик органдарга кайрыла алгыдай шарт түзөлү. Ал үчүн Курултай институтун киргизбей эле санариптештирүү ишин күчөтүү керек. Бул Башмыйзам элдин да, парламенттин да, саясатчылардын да кызыкчылыгын көздөбөй турганын көрдүк. Ал керек болсо Садыр Жапаровдун да кызыкчылыгын көздөбөйт. Ал Конституциялык кеңешмеге чогулуп алган бир ууч адамдын кызыкчылыгын коргойт.

Жогоруда юристтер Башмыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин жоопкерчилигин кароо процесси татаалдашканын айтышты. Мисалы, импичментти парламенттин жарымы демилгелейт, андан кийин Башкы прокуратура макулдугун, ага кошумча Конституциялык сот да өз бүтүмүн бериши керек. Андан кийин парламенттин үчтөн экиси макул болушу шарт.

Бирок бүгүнкү күндө парламентке кандай демилге келсе да, дээрлик 90 пайызы аны колдоп беришкенин коомчулук көрүп келе жатат.

Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев жаңы долбоорго ылайык, президент милдеттерин так аткара албай калса, кызматынан четтетилип, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын айткан.

— Президент милдеттерин так аткара албай калса, кызматынан четтетилет да, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жаңы Башмыйзам президенттик башкарууга ылайыкталып жазылды. Өлкө башчынын функциялары көп болгондуктан, укуктардын көп бөлүгү ыйгарылды. Ошого жараша жоопкерчилиги да кеңири каралды. Конституциянын жаңы долбоору боюнча парламент депутаттарынын мандатын чакыртып алууга болот.

Конституциянын жаңы долбоору 2020-жылдын 17-ноябрында 80 депутат тарабынан демилгеленип, парламенттин сайтына илинген. Ал коомчулуктун сынына кабылып, Конституциялык кеңешме түзүлүп, кайра иштелип, 9-февралда жаңы долбоору жарыяланган. Эми Башмыйзамдын долбоорун парламент талкуулайт.

Copyright © 2017 Maral FM