Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн референдум өткөрүүгө 96 депутаттын 87си макул, 9у каршы добуш берип, мыйзам биринчи окууда кабыл алынды. Төмөндө добуш бергендердин тизмеси:
3-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо талаш-тартыш менен коштолду. Анда депутаттар Дастан Бекешев, Ирина Карамушкина, Жанарбек Акаев, Каныбек Иманалиев, Мирлан Жээнчороев, Рыскелди Момбековдор айырмаланышып, Башмыйзамдын жаңы долбоорунун авторлорун ачыкка чыгарууну талап кылышты.
Кайсы бир учурда Конституция өзү жоголуп кеткен болсо, бүгүн авторлору изделди
Депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Умбеталы Кыдыралиевден башкасы «Конституциянын жаңы долбоорунун авторумун» деп ачык айткан жок. Дагы бир эл өкүлү Мирлан Бакиров да демилгечилердин бири экенин айтты.
Муну менен катар, Айгерим Бешимбаева жана Чынара Урумкалиева Конституциянын жаңы долбоору жана «Референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам долбооруна автор эмес экенин айтышып, кол тамгасын чакыртып алышты.
Депутат Рыскелди Момбеков демилгечи 80 депутаттын атын ачыктап, аларга жоопкерчиликти жүктөө керек деген ойдо. Ал Конституциянын долбооруна жана референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбооруна көзү өтүп кеткен депутат Алмаз Акматов кандайча кол коюп калганын сурады. Алмаз Акматов 28-февралда көз жумган.
— Жаңы келген документте бир да адамдын колу жок. Ал эми коштоп жүрүүчү документте 65 депутаттын аты илинип турат. Ал 1-мартта кириптир. 28-февралда көз жумган депутат Алмаз Акматов кантип кол койду? Кубанычбек Жумалиев түрмөдө жатса, кантип кол койду? «Референдум жөнүндө» мыйзам деп, силер Конституцияны алып келип жатасыңар. Антип алдабагыла. Биздин карообузга бул долбоор Бекбосун Бөрүбашевдин колу менен кирди, инструкциясы менен кирди. Инструкция менен Башмыйзам кабыл алынбайт. Жогорку Кеңешке Бөрүбашевдики менен киргизип, чыкканда бир да депутаттын фамилиясы жок. 80 депутаттын фамилиясы жок. Мурдагы 80 депутат демилгелеген мыйзам башка, азыркы мыйзам башка болуп атат. Ошол үчүн бир да депутат унчуга албай отурат.
Башмыйзамдын жаңы долбоорунун авторлору табылды
Талкуунун түшкү тыныгууга чейинки бөлүгүндө Конституциянын жаңы долбоорунун башка авторлору табылган жок.
Түштөн кийинки талкууга 96 депутат катталды. Анда эл өкүлү Дастан Бекешев дагы бир канча авторду тапканын айтты.
— Мына мен Өкмөттүн корутундусун, Жогорку Кеңештин токтом долбоорун, комитеттин корутундусун ачып көрдүм, расмий документтерде төрт эле депутаттын фамилиясы чыгып жатат. Алар: Акылбек Жапаров, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Мирлан Бакиров. Булар демилгечилер, мен бул фамилияларды коомчулук, жарандар билсин деп айтып жатам. Ноябрда депутаттар башка документке кол койгон. Жасалма документти тиркеп коюп жатасыңар, бул — «подлог». Келечекте сөзсүз жооп бересиңер.
Эл өкүлү Каныбек Иманалиев жаңы даярдалган Башмыйзамдын долбоорундагы бир нече каталарды санап берди. Ал Башмыйзамдын долбоорун кароо үчүн Жогорку Соттун жана Өкмөттүн корутундусу берилиши керектигин, корутунду берилбесе, аны кароого мыйзам жол бербестигин эскертти.
Ошондой эле Конституциялык кеңешмеден парламенттин макамы жогору турарын, андыктан жаңы Башмыйзам кабыл албай, өзгөртүү гана киргизилиши зарыл экенин кошумчалады.
— Өткөндө Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев: «Иш үстүндө дайыма 30 адам отурдук», — деп айтты. 6 млн элдин атынан 30 киши Башмыйзамды жазганга канчалык укугу бар? Конституция Бишкектен башка бир да аймакта талкууланган жок. Демек, Бишкектин эле Конституциясы болуп калды.
Биринчи эле бетинде 8 ката бар экен. Биринчи, «укуктук үстөмдүүлүгүнүн, укуктуулугунун, адилеттүүлүгүнүн» деп кыргызда эч качан айтылбайт. Экинчи, «табият менен таттуу мамиле» деп жазгансыздар. Юдахиндин, Карасаевдин сөздүгүн караңыздар, «таттуу мамиле» деген сөз жок. «Табият менен эриш-аркак» деп айтылат. Сиздер кыргыз тилин шылдың кылып жатасыздар. Үчүнчү, «Кыргызстан элинин атынан президент, Жогорку Кеңеш гана чыга алат» деп турат. Каякка чыгат, эшиккеби, баккабы, космоскобу?
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Башмыйзамдын жаңы долбоору иштелип чыгып, макулдашылган варианты талкууга коюлганын, эми жоопкерчиликтен эч ким качпашы керектигин айтты. Ал жоопкерчиликти бардык депутат алат деп ишендирди.
— Демилге болгон соң, долбоор парламентке келип түшүп, андан кийин Конституциялык кеңешме түзүлдү. Процесске кое берилди, 80 депутат кол койду. Конституциялык кеңешменин иши кээ бир депутаттарга жагышы же жакпашы мүмкүн. Анан келип алып, «добушумду артка кайтарам» десеңер эле, «Конституциялык кеңешменин иши мыйзамсыз» деп айтсаңар эле референдум өтпөй калат дегенден алыс болушубуз керек. Биз процессти баштадык, акыркы чечимди реферундумда эл кабыл алат. Ал эми жоопкерчилик боюнча, демилгечи болгон ар бир депутат өзүнө добуш берет, Бактыбек Сагындыкович демилгечилердин бири, «силер жооп бересиңер» деп кекеткен болбойт, жоопкерчилик баарыбызда. 6-7-октябрда болгон окуяларда жооп бердик го. Жоопкерчиликти алгандар алды, албагандар дыргаяктап качты.
Депутат Мирлан Жээнчороев талкуу учурунда Конституция боюнча талкууну чектеген депутаттарды сындады. Ал депутаттардын арасында кошоматчылардын жүзү өзгөрбөгөнүн айтып, алар азыр да жагынып жатканын кошумчалады.
Жээнчороев Садыр Жапаров түрмөдө жатканда барып кабар алышканын, Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда Жапаровдон кабар алуудан качып жүргөн депутаттар азыр кошомат кылып жатышканын ачыктады.
— Азыркы парламент 3 президентти көрдүк. Капа болбогула, 80 пайызыңар ушул 3 президентке кошомат кылып эле жүрдүңөр. Эгер аларды эл кууса, биринчилерден болуп качып жүрөсүңөр. Жанына жолобой, анын атын атабай коесуңар. Талант Турдумаматович, эсиңиздеби, сиздин сунушуңуз менен Садыр Нургожоевичге түрмөгө барганбыз. Ушул жерде азыр кошомат кылып жаткандар жаныбыздан качып кетти эле го? Ошондо күчтүү президент Атамбаев болчу. Ошондо сиз, мен, депутат Бакчиев үчөөбүз гана барганбыз.
Дагы бир эл өкүлү Ирина Карамушкина негизги мыйзамды демилгелеген депутаттар бул элдин талабы деп айтып жатканы менен референдумга калктын 30%ы гана катышканын эске салды.
Башка эл өкүлү Жанарбек Акаев ушул парламент үчүнчү президент менен иштешип жатканын, буга чейинки бардык өкмөттөрдү колдоп бергенин айтып сындады.
— 2016-жылы дал ушул парламент мурдагы президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген Башмыйзамды да колдоп бергенбиз. Азыр «элдин 80 пайызы президенттик башкарууну колдоп берди» деп жатасыңар. Мурунку бийликтин тушунда да 80 пайыз эл колдоп чыккан да, акимдер, губернаторлор, мэрлер баары иштейт да, бийлик иштесе өтөт да. Мына ушул парламент 6 Өкмөт башчыны алмаштырдык, баарын мактадыңар. Үчүнчү Президент менен иштешип жатабыз, эки жолу Башмыйзамды алмаштырып жатабыз, эми тарап кетердин алдында кичине намыска келсек болот эле да. Өтө чоң мыйзам бузуу менен өтүп жатат.
Башмыйзамдын жаңы долбоорунун демилгечилеринин бири катары депутат Бактыбек Турусбеков:
«Мамлекетти башкарган президентибиз жоопкерчиликти өзү алам деп айтып отурса, биз эмне үчүн коркобуз? Баш ийип эле келбедикпи, Президент эчтекеге жооп бербей, Өкмөт баарына жооптуу болуп, ортосунда Жогорку Кеңеш кыпчылып. Бүгүн ачык-айкын талкуулап жатабыз, үч айдан бери талкууда. Телевидение, журналисттер чагылдырып жатат, бейөкмөт уюмдар талкуулап жатат, эл өкүлү болсоңор, ошол жерге барып эмнеге сунуш берген жоксуңар? Регионго барып түшүндүргүлө деп, өзүңөр басып барган жоксуңар. Мен дагы айтам, бул менин эрким менен болгон жок, элдин талабы», — деп, жоопкерчиликтен качпай турганын айтты.
Башмыйзамдын жаңы долбоорун 2-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети биринчи окууда талкуулап, жактырган. Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан да колдоо тапкандан кийин Президентке жөнөтүлөт. Ал кабыл алса, референдумга коюлат.
Референдумду 11-апрелде жергиликтүү кеңешерге шайлоолор менен бирге өткөрүү пландалганы буга чейин айтылган.