Биз менен байланышыңыз

Путин Байденге жооп берди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 466 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык кесиптеши Жо Байденди 19-мартта же 22-мартта түз эфирге талкууга чакырды. Бул тууралуу «Известия» телеканалы маалымдады.

«Мен президент Байденди биздин талкууну улантууга чакыргым келет, бирок биз аны түз ободо, онлайн режимде жасасак болот», — деди орус лидери.

Ошондой эле ал: «Бул сүйлөшүү Орусиянын, АКШнын жана башка мамлекеттердин элин кызыктырат», — деп кошумчалады.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки АКШ администрациясы азырынча бул жолугушуу качан болорун белгилей албастыгын, буга Жо Байдендин Жоржия штатына пландалган сапары себеп экенин маалымдады.

Ошондой эле ал Байден Путинди сынга алганына өкүнбөй турганын кошумчалады.

Байден Путин тууралуу суроолорго жооп берди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM