Биз менен байланышыңыз

Түркия Греция, Израил жана ЕБге нааразычылык ноталарын жөнөттү

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 356 | 0

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Греция менен Израилдин элчиликтерине жана Европа Биримдигинин делегациясына нааразычылык нотасын жөнөттү.

Документке ылайык, аталган өлкөлөр тарабынан «EuroAsia Interconnector» долбоорунун алкагында түзүлгөн электр тармагы Түркиянын аймактык суулары аркылуу өтөт.

Түркия тарап бул өлкөлөрдүн кандай гана иш-аракеттери болбосун, Анкаранын макулдугу менен жасалышы керектигин, андыктан тиешелүү дипломатиялык түзүмдөргө нааразычылык нотасы жөнөтүлгөнүн билдирди.

Кабелди тартуудан мурун алдын ала изилдөө жүргүзүлүп, ага уруксат алуу керектиги белгиленип, уруксат алуу зарылдыгы жок болсо, Анкарага тийиштүү түрдө кабар берилиши керектиги маалымдалды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Анкаранын бул нотасы Кипр, Греция жана Израилдин 8-марттагы өз алдынча келишимине жооп болгонун жазышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM