Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандык журналисттер Орто Азия боюнча алдыда»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Мар 2021 | 770 | 0

Иликтөө иштеринде кыргызстандык журналисттер Орто Азия боюнча алдыда. Мындай пикирин блогер, иликтөөчү журналист Болот Темиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдө миллиарддаган акча тапкан блогерлер бар. Ал эми Кыргызстанда блогерлер YouTube аркылуу ири киреше таппайт.

Анын үстүнө өлкөдө жарнама рыногу аз. Андыктан блогерди же мамлекеттин, же кайсы бир саясатчынын каналы каржылайт.

«Көбүнчө блогерлер гранттарга жазат, гранттар Америка, Европадан болот. Орусия тараптан болсо, аларга да жазмакпыз. Блогерлер грант аркылуу иш алып барат. Ал эми саясатчыга кайрылсаң, алар чектөөлөрдү коёт. Ал эми чет өлкөлөр иликтөөгө карайт, мазмунуна кийлигишпейт», — дейт Темиров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM