Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Көлбаев киши өлтүргөн жок, мыйзамсыз баюу боюнча айып төлөдү

Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 1675 | 0

Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна берген маегинде кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев тууралуу да комментарий берди.

Буга чейин АКШнын элчилиги Камчы Көлбаев эл аралык масштабда баңгизат сатуу менен алектенгени боюнча фактылар бар экенин айтып, анын бул кылмыштуу издерин ача турган маалыматтар үчүн 5 млн доллар убада кылган.

Жапаровдун пикиринде, АКШ тарап Кыргызстандын аймагындагы айрым кылмышка шектүү адамдарга карата кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат. Анын айтымында, АКШ кримтөбөл Камчы Көлбаев менен Бажы кызматынын мурунку орунбасары Райымбек Матраимовго күнөө такканы менен, экономикалык бир канча кылмыштарга шектелген Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга бербей жатат. Жапаров ошондой эле АКШда кыргызстандык бир канча соттор да баш калкалап жүргөнүн белгилеп, бирок ысымдарын ачык атаган эмес.

«ТИМ аркылуу мен АКШ элчилигинен Камчы Көлбаев тууралуу кылмыш ишин далилдөөчү фактыларды сураттым. Эгер алар ошол маалыматтарды берсе, биз ачык сот өткөрмөкпүз. Ага элчиликтен деле келип катышса болот эле. Биз эч кандай чара көрбөй турсак, анда ошондой билдирүү менен чыкса болмок. Көлбаев башынан эле «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча камакка алынган. Ал мамлекетке келтирген зыянынын бир канча бөлүгүн ордуна койду. Калганын абактан чыккандан кийин төктү. Ал адам өлтүргөн жок. АКШ айтып жатат: «Ал баңгизат сатуу менен алектенген, факты бар», — деп. Ошол фактыларды сурасак, алар бизге бербей жатат», — деп кошумчалаган Садыр Жапаров.

 

Copyright © 2017 Maral FM