Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Жерлерди алмашууда элдин кызыкчылыгын карайбыз

Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 633 | 0

Чек ара маселесин чечүүдө айрым жерлерди, балким үйлөрдү алмашканга туура келет. Бул тууралуу Баткен районунун Самаркандек айылынын тургундары менен болгон жолугушуу учурунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.

Ташиев чек араны чечүүдө ар кандай маселе жаралышы мүмкүндүгүн айтып, жергиликтүү тургундарды түшүнбөстүккө алдырбай, колдоо көрсөтүүгө чакырды.

«Чек араны карай баштаганда ар түрдүү маселе жаралышы мүмкүн. Мисалы, бир айылдын ортосунан өтүп калышы, 5-10 үйдү алмашышыбыз, балким үйүн башка жакка көчүрүп, короосун чек араны белгилөө үчүн алуу керек болуп калышы мүмкүн. Сиздердин жериңиздерди бийлик жөн эле алып койбойт, албетте, башка жер бөлүп берет. Ошондой учурда туура түшүнүп, макулдук беришиңиздерди күтөбүз», — деди ал.

Жер алмашууда эч ким жөн эле бир гектар жерин да берип койбой турганын, атайын түзүлгөн комиссиялар башында туруп, эки мамлекеттин кызыкчылыгы тең эске алынарын белгиледи.

«Айрым жерлерди алмашышыбыз мүмкүн. Ошондо да элдин кызыкчылыгы сакталат», — деди Ташиев.

Ташиев: Тажикстанга Кытайдын товарларын өткөрбөй турабыз

Copyright © 2017 Maral FM