Биз менен байланышыңыз

Ташиев Самаркандек айылынын тургундары менен жолугушту

Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 649 | 0

Бүгүн, 15-мартта Баткен облусунун Самаркандек айылында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү эл менен жолукту. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара аймактарын жердегендердин көйгөйлөрү талкууланды.

Ташиев чек ара боюнча бардык маселелер мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө экенин, бул жаатта коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Чек аранын бардык талаштуу тилкелери мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, тынчтык жолу менен гана чечилерин белгиледи.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев аткезчилик сыяктуу кылмыш иштерине бөгөт коюуга багытталган укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук жасагандарга кылмыш жоопкерчилиги караларын да маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM