Орусиянын Агартуу министри Сергей Кравцов Президент Садыр Жапаровго эл аралык «Артек» балдар борборуна 150 орундук сертификат-жолдомосун тапшырды.
Кошумчалай кетсек, бүгүн 15-мартта президент Садыр Жапаров Орусиянын Агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Алар билим берүү чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашты.
Садыр Жапаров ар бир аймакта, Бишкек жана Ош шаарларында бир катар мектептерди куруу боюнча Орусия тараптын жардамын колдой тургандыгын билдирди.
Президент Орусиянын Агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды