Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бүгүн тажик тарап менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр башталат

Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 618 | 0

«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстандын атайын кызмат башчысы Абдусалам Азизов менен делимитация жана демаркация иштери боюнча бүгүн сүйлөшүүлөрдү баштады» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-18 март аралыгында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча Тажикстан тарап менен сүйлөшүүлөр башталат. Кыргыз делегациясын УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев жетектесе, тажик тараптан келүүчү аналогиялык комиссияны Тажик УКМКсынын төрагасы, генерал-полковник Саймумин Ятимов жетектейт.

Бул эки тараптын атайын кызмат башчылары катары алгачкы жолугушуусу болмокчу.

«Бул атайын кызматтын башчысы катары алардын биринчи жолугушуусу болуп саналат, ошондуктан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулоодон тышкары, эки тараптуу кызматташуунун алкагында эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеринин биргелешкен ишмердүүлүгүнүн башка да актуалдуу маселелерин, анын ичинде заманбап чакырыктарга жана эки мамлекеттин коопсуздугуна келтирилген коркунучтарга биргелешип каршы туруу маселелерин талкуулоо пландалган», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов «Фейсбук» баракчасына анын Тажикстанга барарын жазган.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн 15-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Самаркандек айылына барып, саат 14:00дө жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Дал ушул аймакта өткөн аптада куралчан аткезчилер УКМКнын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, ок атышкан.

Андан соң, Ташиев Лейлек районуна барып, коңшу Тажикстан мамлекетине сапар алат.

16-март күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара боюнча мамлекеттик комиссияларынын жетекчилери жолугушат.

Copyright © 2017 Maral FM