Биз менен байланышыңыз

Чек ара маселеси: Камчыбек Ташиев Тажикстанга барат

Кыска кабар | 14 Мар 2021 | 808 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга барат. Бул тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Билдирүүгө ылайык, эртең 15-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Самаркандек айылына барып, саат 14:00дө жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Дал ушул аймакта өткөн аптада куралчан аткезчилер УКМКнын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, ок атышкан.

Андан соң, Ташиев Лейлек районуна барып, коңшу Тажикстан мамлекетине сапар алат.

16-март күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара боюнча мамлекеттик комиссияларынын жетекчилери жолугушат.

Анда Камчыбек Ташиев коңшу өлкөнүн тийиштүү жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Copyright © 2017 Maral FM