Биз менен байланышыңыз

Марипов иш сапары менен Ош, Жалал-Абадга барат

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 631 | 2

Премьер-министр Улукбек Марипов иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Марипов бир катар социалдык объектилерге капсула салуу салтанаттарына катышып, айыл чарба объектилеринин иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районунун дыйкандары менен жолугушмакчы.

Мындан тышкары ал Жалал-Абад жана Ош облустарындагы бир нече социалдык, инфраструктуралык объектилердин абалы жана айрым өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Copyright © 2017 Maral FM