Биз менен байланышыңыз

Президент Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасынын спикери менен жолугушту

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 565 | 0

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен парламенттер аралык өз ара байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, пандемияга байланыштуу жылдырылган иш-чаралар, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттер ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиясынын үчүнчү жыйыны жакынкы мезгилде боло тургандыгына үмүт артты.

Ошондой эле Жапаров эки өлкөнүн соода-экономика жаатындагы зор мүмкүнчүлүгү толук ачылбай жатканына токтолуп, андан улам кыргыз тараптын эки мамлекеттин рынокторунда товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүү болушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын белгиледи.

Өзбекстан Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагындагы мамлекет башчыларынын чечкиндүүлүгүн белгиледи.

Нурдинжон Исмоилов Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Copyright © 2017 Maral FM