Биз менен байланышыңыз

Президент Өзбекстан сенатынын төрайымы менен жолугушту

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 475 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык байланыштары боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Өзбекстан менен парламенттер аралык кызматташуунун ырааттуу өнүгүшүнө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле 2019-жылы пландалып, бирок бир катар себептерден улам кийинкиге жылдырылган Танзила Нарбаеванын Кыргызстанга боло турган расмий сапарын күтүп жатканын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелери келечекте да бул чөлкөмдүн туруктуулугун камсыздоого, ошондой эле заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүүгө кызмат кыларына ишеним билдирди.

Өзбекстан Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева Жапаровдун сапары эки мамлекеттин мамилелеринин жаңы барагын ачып жатканын айтты.

Сенат төрайымынын айтымында, мындан сырткары эки өлкөнүн мыйзамдарын дал келтирүү үчүн парламенттер ортосунда маалыматтык-аналитикалык багыт боюнча кызматташууну өнүктүрүү зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM