Биз менен байланышыңыз

Камактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов парламентке келди

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 947 | 0

Коррупцияга шектелип, эки айга камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов парламенттин 11-марттагы жыйынына катышты.

Анын журналисттерге интервью берип жатканы социалдык тармактагы түз эфирлер учурунда көрсөтүлдү. Төрөкуловдун айтымында, кечээ Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган экен.

Жогорку Кеңеште бүгүн Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамга экинчи жана үчүнчү окууда добуш берилери айтылган.

Төрөкулов Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен шектелип, УКМКнын кызматкерлери тарабынан 15-январда Ош шаарынан колго түшүрүлгөн.

Ал 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов камакка алынды

Copyright © 2017 Maral FM