Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов камакка алынды

Кыска кабар | 16 Янв 2021 | 1858 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Төрөкулов Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен шектелип, УКМКнын кызматкерлери тарабынан 15-январда Ош шаарынан колго түшүрүлгөн. Кылмышка шектүү учурда Бишкек шаарына алынып келинип, Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM