Биз менен байланышыңыз

Жаңы үлгүдөгү паспорттор май айында бериле баштайт

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 818 | 0

Жаңы үлгүдөгү паспортторду берүү боюнча долбоор ушул жылдын 1-майынан тарта ишке киргизилет. Бул тууралуу «Маралга» Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева кабарлады.

Анын айтымында, чет жакта жүргөн жарандарга жаңы үлгүдөгү паспортторду берүү пандемиядан улам кечикти.

— Жаңы паспортторду берүү 2021-жылга каралган болчу. Бирок пандемиядан улам башка өлкөлөрдөгү адистер да жумушка чыга албай калган. Ошол эле учурда, биздин чет өлкөдөгү элчиликтер борбор шаарларда эле жайгашкандыктан, алыс жагындагылар элчиликтерге келе албай, буга чейин деле мөөнөтү узартылган. Чоң көйгөйлөр жаралган эмес.

Мекеменин басма сөз кызматы 10-мартта билдирүү таратып, жаңы үлгүдөгү паспортторду берүү кечиктирилгени үчүн элден кечирим сурады.

Казакстан, Тажикстан жана Орусияга барууну каалаган кыргызстандыктар 2017-жылы чыгарылган eID-картаны колдоно алышат.

Кыргыз Өкмөтү чет жакта жүргөн жарандардын паспортунун колдонуу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылганын кабарлаган. Буга жаңы үлгүдөгү паспортторду берүү өз убагынан кечиктирилгени себеп болгон.

Жаңы паспорт берүү кечиктирилгени үчүн өкмөт башчы Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду кызматтан кетирди.

Жаңы үлгүдөгү ePassport берүү 2020-жылдын 25-декабрына пландалган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM