Жумушчуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бекер камсыздандыруу полисине жана кызмат көрсөтүү келишимине кол коюлган.
25-февралда Шавкат Мирзиёев өзбек-казак өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн «Эки өлкөнүн эмгек мигранттарынын ишмердүүлүгү менен алардын укугун коргоо жөнүндө» келишимди бекиткен.
Документте эмгек мигранттарына маяна төлөө жана кирешелеринен салык кармоо, пенсия жана социалдык жактан камсыздоо, иш учурунда каза таап же майып болуп калса, компенсация төлөө маселелери каралган.