Биз менен байланышыңыз

Өкмөт мигранттардын паспортунун мөөнөтүн узартты

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 442 | 0

Кыргыз Өкмөтү чет жакта жүргөн жарандардын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартты. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, буга жаңы үлгүдөгү паспортторду берүү өз убагынан кечиктирилгени себеп болгон.

Буга байланыштуу Кыргызстандан тышкары жүргөн мекендештердин 2004-2006-жылы чыгарылган үлгүдөгү паспортунун жарактуу мөөнөтү 2021-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды.

«Жарандарыбыз чек араларды тоскоолдуксуз өтүүлөрү үчүн Тышкы иштер министрлиги кабыл алынган убактылуу чаралар тууралуу чет мамлекеттерге билдирүү жөнөтөт», — деп айтылат маалыматта.

Жаңы паспорт берүү кечиктирилгени үчүн өкмөт башчы Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду кызматтан кетирди.

Жаңы үлгүдөгү ePassport берүү 2020-жылдын 25-декабрына пландалган эле.

Copyright © 2017 Maral FM