Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдүн» жамааты президентке ачык кат менен кайрылды

Кыска кабар | 6 Мар 2021 | 547 | 0

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эмгек жамааты президент Садыр Жапаровго, Жогорку кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жана премьер-министр Улукбек Мариповго ачык кат менен кайрылды.

Анда жамааттын «өлкөдөгү ири ишкананын айланасында болуп жаткан акыркы окуяларга тынчсызданып жатканы» айтылган. Айрыкча, «Кумтөрдүн» ишин изилдөө үчүн мамлекеттик комиссиянын түзүлүшү компания кызматкерлеринин арасында нааразычылык жараткан.

Катта жазылгандай, биринчиден, буга чейин мындай комиссия 2013-жылы түзүлгөн жана андагы бардык отчеттер копанияда да, тиешелүү органдарда да бар.

Экинчиден, компаниянын өкүлдөрү бийлик органдарынын компаниянын жумушуна кийлигишүүсү мамлекеттин инвестицияны коргоо боюнча мыйзамына каршы келет деп эсептейт.

Үчүнчүдөн, мамлекеттик комиссиянын түзүлүш мыйзамга дал келбейт.

Төртүнчүдөн, «Кумтөрдүн» эмгек жамааты өлкө башчыларын биринчи кезекте экономиканы ойлоого чакырган. Толугураак төмөнкү кат аркылуу таанышсаңыз болот:

Copyright © 2017 Maral FM