Биз менен байланышыңыз

Марипов: Дары-дармектерге болгон баа жеке көзөмөлүмдө болот

Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 462 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов дары-дармектерге болгон бааларды жеке өзү көзөмөлдөйт. Бул тууралуу ушул жааттагы маселени талкуулаган жумушчу жыйындын жүрүшүндө айтты.

Өкмөт башчы өткөн жылдын жай айында дары-дармектин баасы кескин жана негизсиз көтөрүлүп кеткенин эске салып, ушундай абал кайталанбашы үчүн Өкмөт дары-дармекти баарына, айрыкча, калктын жакыр катмарына жетиштүү жана арзан баада жеткирүүгө аракет жасашы керектигин билдирди. Ошондой эле айрым дарылар кошумча нарк салыгынан бошотулганына карабай, баалары ыксыз көтөрүлүп жатканын эскертти.

Бул маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир жуманын ичинде дары-дармектердин бааларын көзөмөлдөө механизмдери боюнча сунуштарды киргизүүнү, ошондой эле дарылардын баалар саясаты боюнча дарыкана тармактарынын өкүлдөрү менен иштөөнү тапшырды.

Өкмөт башчысы ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин санариптештирүү процесстерин дары-дармек менен камсыздоо жаатында активдештирүүнүн маанилүүлүгүн эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM