Бишкекте «312» түнкү клубунун ди-джейинин өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.
Шектүү 1984-жылы туулган Л.В. аттуу жаран экендиги аныкталган.
25-февралда болжол менен түнкү саат 00:40тар чамасында Бишкек шаардык ИИББнин «102» кызматына «Чыгыш-5» кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин биринде эс-учун жоготкон белгисиз адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Свердлов райондук ИИБнин тергөө-ыкчам тобу барып, көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен белгисиз адамдын сөөгүн табышкан. Эксперт-криминалисттер оң жак ийинине тийген ок көкүрөк тушун тешип өткөнүн аныкташкан. Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын аты-жөнү аныкталган. Ал 1983-жылы туулган С.Д. аттуу жаран болгон. Ал Бишкектеги түнкү клубдардын биринде DJ Casper аты менен ди-джей болуп иштеп жүргөнү айтылды.
Бул факт Свердлов райондук милициясында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Бардык зарыл экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда. Учурда бул кылмышка башка бирөөлөрдүн катышы бар же жок экендиги иликтенүүдө.