Биз менен байланышыңыз

Жасалма авиабилет саткан аял кармалды

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 1392 | 0

Эки жаранга Москвага жасалма авиабилет саткан аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ал 2 билетти 86 миң сомго сатып жиберген. Жасалма билеттин учуу күнү ушул жылдын 12-февралына белгиленген. Сатып алган жабырлануучулар билетте көрсөтүлгөн убакта аэропортко барышып, алданып калганын билишкен.

Кармалган аял 1998-жылы туулган Н.Н. аттуу жаран, үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси. Ал мындай ишке карыздарынын көбөйүп кеткендигине байланыштуу баргандыгын айткан.

Учурда алдамчылык беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн колунда жаш 2 баласы бар экендиги эске алынып, үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM