Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов дүйнө салды

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 459 | 0

Жогорку Кеӊештин «Бир Бол» парламенттик фракциясынын депутаты Алмазбек Акматов кечээ, 28-февралда 56 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу аталган фракциянын маалымат кызматы билдирди.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. 1986-жылы Новосибирcк Жогорку аскердик-саясий окуу жайын аяктаган. 2002-жылы Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Менеджмент» багыты боюнча магистратурасын, 2008-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча, 2011-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу 1982-1992-жылдары СССРдин куралдуу күчтөрүндө аскердик-саясий кызматтарда иштөө менен баштаган. 1992-2001-жылдары биргелешкен «Торугарт-Транзит» кыргыз-кытай ЖЧКсынын башчысы, 2001-2002-жылдары Мергенчилик ресурстарды көзөмөлдөө жана коргоо башкы башкармалыгынын башчысы болгон.

2003-2004-жылдары Президенттин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2004-жылы Жаратылышты коргоо фондунун башчысы, 2005-2006-жылдары Президенттин иш башкармалыгынын башчысы, 2007-2012-жылдары Эсептөө палатасынын Бишкек, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси кызматтарын аркалаган. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Бир бол» партиясынан депутат болуп шайланган.

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон.

Алмазбек Акматов Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө активдүү катышкан, өз ишине так, жоопкерчиликтүү мамиле кылган, талапты катуу кое билген, тажрыйбалуу эл өкүлү катары кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болгон.

«Марал» радиосунун жамааты Алмазбек Акматовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM